«ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МУЛЬТИМЕДИЯЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУУ»
Keywords:
Мультимедиа, инклюзивдик билим берүү, муктаждыктары, каражаттарды колдонуу,субтитрлер, аудио коштоо, визуалдык колдоо, онлайн платформалар, интерактивдүү окутуу, окуучунун индивидуалдык темпи, жеткиликтүү билим берүү, мотивацияAbstract
Макалада инклюзивдик билим берүүдөгү мультимедиялык каражаттарды колдонуу жана алардын ар кандай мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна тийгизген таасири кеңири талданган. Мультимедиялык технологиялар – видео, аудио, интерактивдүү оюндар, анимациялар – окуу материалын ар түрдүү кабылдоо каналдары аркылуу сунуштоо менен билим алууну жеткиликтүү жана окуучунун өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылган формада берет. Инклюзивдик билим берүү бардык балдарды дискриминациясыз окутуп, алардын билим алуу укугун тең деңгээлде камсыз кылууну көздөй тургандыктан, мультимедиялык каражаттарды туура жана максаттуу колдонуу бул чөйрөдө өзгөчө мааниге ээ. Макалада мультимедиялык жабдуулардын башталгыч класстардан тартып окутуунун сапатын жакшыртуудагы ролу түшүндүрүлүп, ар бир окуучунун индивидуалдык темпинде иштөөсүнө шарт түзөрү белгиленет. Ошондой эле угуусу начар, көрүүсү начар жана интеллектуалдык өзгөчөлүгү бар окуучулар үчүн ылайыкташтырылган мультимедиялык материалдар менен платформаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлгөн.
Downloads
References
Шумиловская Ю. В. Подготовка будущего учителя к работе с учащимися в условиях инклюзивного образования: автореф. Дис. … канд. Пед. Наук. Шуя, 2011.
Сияев Т.М, Омуралиев М.У. Компьютердин жардамы менен кенже
класстарды окутуунун жолдору. – Нарын, 2008. – 255-257- бб.
Өмүралиев М.У. Келечектеги башталгыч мектептин мугалимдеринин маалыматтык-компьютердик технологияларды колдоонуу көндүмдөрүн калыптоонун негиздери: Пед. ил. канд. ... дисс. – Б., 2012.-163 бет.
Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. – Бишкек, 2015.
Аверина И. Инклюзивдик билим берүү – комплекстүү ыкма жана кызматташтык мамиле: коррекциялык педагогика жана психология. Москва, 2010.
Алексева Е. Н., Фадина А. Ф. Инклюзивное образование. Москва, 2010. Вып. 1